Издөөгө жарыяланган Тилекмат Куренов: "Бийликти сындабайм, саясат жөнүндө сөз кылбайм"
Кечээ, 24-январда жарандык активист Тилекмат Куренов видео кайрылуу жасап, бийликти сындабай турганын айтты.
"Бийликти сындабайм, саясат жөнүндө сөз кылбайм. Бул менин жеке жашоодогу шартыма байланыштуу. Саясатка аралашпайм, туура түшүнөсүңөр деп ойлойм", - деди ал.
10-январда УКМК Имамидин Ташов менен Тилекмат Кудайберген уулу бийликти күч менен басып алууга шектелип жатканын, аларга карата издөө жарыяланганын маалымдаган.