Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкеринин эмгек акысынын эсептелиши боюнча түшүндүрмө
Социалдык тармактарда Ысык-Көл районунун жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкеринин эмгек акысы тууралуу маалыматтар тарагандыгына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги саламаттык сактоо уюмунун администрациясы менен биргеликте эмгек акынын эсептелишине текшерүү жана талдоо жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында кызматкердин ставкасы кыскартылбаганы аныкталды. Кайрылуунун автору стоматология бөлүмүнүн санитаркасы кызматын ээлейт. Эмгек акы жогорулатылганга чейин анын эмгек акысы 1,5 ставкадан жана зыяндуу эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдү эске алуу менен түзүлүп келген. 2026-жылдын январь-март айларында ай сайын орточо төлөнүүчү сумма болжол менен 14 800 сомду түзгөн. 2026-жылдын апрель айынан тартып медициналык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылгандан кийин, 1,5 ставка, зыяндуулук үчүн кошумча төлөм жана 5000 сом өлчөмүндөгү президенттик компенсацияны кошо эсептегенде, жалпы эсептелген сумма 32 720 сомду түзүп, колуна 26 741 сом берилген.
Кызматкер менен эмгек акыны эсептөө тартиби боюнча кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Министрлик медициналык кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөнү улантат.