Royal
SerepTV Logo

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды
4-май күнү саат 03:00 чамасында Чаткал районунун аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Касансай дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөн.

Натыйжада Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун 30-чакырымында жолдун 40 метр аралыгын суу жеп кеткен тууралуу маалымат түшкөн. Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, тактоо иштеринин жүрүшүндө аталган унаа жол эки тараптуу жабылып, автоунаа каттамдары убактылуу токтогону аныкталды.

Учурда райондук Жарандык корго башчысы тарабынан ыкчам чаралар кабыл алынып, райондук жарандык коргонуу кызматтарынын күч-каражаттары тартылып, 18 оор техниканын жардамы менен жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.