Мэр Акаев шаар тургундарын мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзбөөгө чакырды
Бүгүн, 6-майда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгы аркылуу агып өткөн Увам каналынын корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жеринен көрүп чыкты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө каналдын корук тилкесинде өз алдынча, уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзгөн учурлар аныкталды. Шаар башчысы аталган аймакта мыйзамсыз тургузулган объектилерди толугу менен алып салуу боюнча тиешелүү кызматтарга катуу тапшырма берди. Ошондой эле ал ишкерлерди жана жарандарды шаар аймагында мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, уруксатсыз курулуш иштерине жол бербөөнү эскертти.
Буга чейин да аталган жайларда мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүргүзүлгөн. Бирок айрым жарандар тарабынан өз билемдик менен кайрадан курулуштарды тургузуп алгандыгы аныкталды. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан мыйзамсыз объектилерди кайрадан демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө жана бул багыттагы көзөмөл күчөтүлөт.