Мэр Жанарбек Акаев: "Манас-Ата аймагындагы курулуштар бузулат"
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы мыйзамсыз курулуштарды жеринен көрдү.
Шаар мэри аталган аймактагы өз билемдик менен мыйзамсыз курулган объектилерди кечиктирбестен, бүгүнтөн калтырбай бузуп, алып салуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Аталган курулуштар буга чейин да бузулган. Бул аймакка шаар тургундары жана коноктору үчүн заман талабына ылайык эс алуу жайын куруу пландалган. Мэрдин тапшырмасына ылайык, учурда мыйзамсыз курулуштарды толугу менен алып салуу иштери жүргүзүлүүдө.