Экс-депутат Келдибеков: "Байсан" ресторанынын ээси менин жеңем. Менин кандай тиешем бар?"
"Негизи социалдык тармактардагы, маалымат айдыңындагы «аңыз кептерге» көп деле маани бере бербейм. «Ар ким деңгээлине жараша жазат, ар ким деңгээлине жараша талдап алат» деген пикирди карманам. А бирок, «чындык өтүгүн кийгенче жалган дүйнөнү айланып кетет» демекчи, Ош шаарындагы «Байсан» ресторанынын айланасындагы менин атыма байланышкан «кеп-сөздөргө» жооп берип койгум келди". Бул тууралуу экс-депутат Ахматбек Келдибеков соцтармактагы баракчасына жазды.
"Бир жыл мурун Ош шаарынын мэриясы: «Келдибековдун «Байсан» рестораны туура эмес курулган», – деп элди дүрбөтүп, бирок соңунда маалыматтын калп экени тастыкталып, ошол убактагы шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев жалган маалымат таратканы үчүн менден кечирим сурады эле.
Бүгүн эми кайдагы бирөөлөр: «Келдибековдун «Байсан» рестораны «сноско» кетпей калыптыр» деген ызы-чуу чыгарууга өтүштү. «Азаттык» үналгысы кечээтен бери «Оштогу «снос»: Экс-депутаттыкы делген жерде курулуш жүрүп жатабы?» деген темада «иликтөө» жарыялап, ушакка жол ачып беришти. Аныгы, «иликтөөчүлөрдүн» материалында айтылган «Байсан» ресторанын ээси Адалат Абдибаитова качандыр бир Жогорку Кеңештин депутаты болгонун кимдир бирөө укту беле? Ырас, Адалат Абдибаитова – менин жеңем. А бирок жеңемдин ресторанына, ишкерлигине менин кандай тиешем бар? Анан калса бул жер тилкесин Абдибаитова мыйзамдуу сатып алган деген Жогорку Соттун чечими турат. Соттун чечимин жокко чыгарбай туруп, мэрия кантип «снос» кыла алат? Мыйзамдуу дейбизби? Анда мыйзам чегинде иш кылалы!
Кызыгы, Бахтияр Мамаджанов деген адам: «Бурибай Жураевдин Оштун базарындагы жерин кайтарып, Ташмамат Жумабаевдин атын бир мекемеге коюп бермейинче Жанар Акаевди ушинтип «жамандай» берем», – деп айттырыптыр. Бул боюнча мен сөзсүз укук коргоо органдарына кайрылам. Мындай жалган маалымат тараткандар сөзсүз жазасын аларына ишенем. Ошон үчүн Ахматбек Келдибеков деп, менин атымды көрүнгөн жерге чаптай берүүнүн кереги жок!
Ал эми «Байсан» рестораны боюнча: Бул имарат кечээ гана салынып калган эмес, союз мезгилинен бери кафе, дүкөн болуп иштеп келе жатат. Эң негизгиси жер Ош шаарынын мэриясынан эмес, жеке адамдардан сатып алынган. Ошондуктан Ош шаарынын мэриясы: «Менчик ээсинин кызыл китеби, бүт документи бар. Экинчиден, шаардагы буга чейин бузулган мыйзамсыз курулуштардын кенемте маселеси турат. Ошолорду чечип бергенге чейин ал имараттын иштей бериши керектиги тууралуу чечим кабыл алынган. Имараттын капиталдык курулушу бузулган эмес. Чатырларын алып, парктын көрүнүшүнө ылайыктоо үчүн фасаддык жумуштарын оңдоо жүрүп жатат», – деп билдирген.
Убагында Жеңишбек Токторбаев да: «Башка жер тилкесин берели же кенемте төлөп берели», – деген сунуш киргизген экен, менчик ээси макул болуптур. Бирок кайра «Кенемте төлөй албайбыз, эл эс алган жерге да тамактануучу жай, кафе керек экен, биз берген дизайн менен жасап бергиле», – дешиптир. Ага да макулдук беришиптир. Ош шаарынын мэриясы менен менчик ээсинин тил табышып, биргеликте иш алып барып жатканы кимдердин уйкусун бузду болду экен? Анан да «Сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндө» Өкмөттүн 2026-жылдын 6-февралы № 68 токтомунун негизинде кабыл алынган жобону айтып жатасыздар, а Башмыйзам кайда калды? Менчик укуктарын ким коргойт? Ош шаарында көптөгөн жарандар «сностун» айынан жабыркады. Алардын тепселенген укугун ким айтат?
Эң негизгиси, «Сүрдүрүү иштери кенемте толук төлөнүп, эки тараптуу келишим түзүлгөндөн кийин гана башталсын», – деген Кыргыз Республикасынын Президентинин талаптары эмне үчүн аткарылбай калды? Бул үчүн ким жооп берет? Баары мыйзам чегинде болушун кааласак, алгач мыйзамды сыйлаганды үйрөнөлү", - деп жазылат анын билдирүүсүндө.