Ошто экс-вице-мэр тарабынан мыйзамсыз жүргүзүлгөн курулуштар кайрадан бузулду
Ош шаарында Увам каналынын корук аймагында жайгашкан, экс-вице-мэрге тиешелүү мыйзамсыз курулган имарат буга чейин тиешелүү кызматтар тарабынан бузулган. Бирок аталган аймакты кайрадан өз билемдик менен тосуу иштери жүргүзүлгөндүгү аныкталган.
Шаар мэринин тапшырмасына ылайык, мыйзамсыз аракеттерди токтотуу жана корук аймакты толук бошотуу максатында тиешелүү кызматтар тарабынан кайрадан тосмолорду алып салуу иштери жүргүзүлдү. Каналдын корук аймагында курулуш иштерин жүргүзүү мыйзамга каршы келет. Ош мэриясы шаар тургундарын мыйзам талаптарын так сактоого жана өз билемдик менен курулуш иштерин жүргүзбөөгө чакырат.