Abank
SerepTV Logo

Бишкекте кулаган тик учак. Үч аскер кызматкерине операция жасалды

Бишкекте кулаган тик учак. Үч аскер кызматкерине операция жасалды
Аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган 3 аскер кызматкерине операция жасалып, ден соолугунун абалы туруктуу-оор деп бааланып жатат. Жакшы көрсөткүчтөр бар. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.  Бүгүнкү күндө 6 аскер кызматкери Тез жардам клиникалык госпиталында, үчөө Улуттук госпиталда, бир аскер кызматкери Коргоо министрлигинин аскер госпиталында дарыланып жатат.  17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кыйраган. Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болду.