Бишкек ЖЭБдин өрттөн кийинки сүрөттөрү жарыяланды
Бүгүн, 2-февралда таңкы саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБде авария катталып, андан чыккан өрт толугу менен саат 05:05те өчүрүлдү. Кырсыктан 5 адам жабыркап, алардын ичинен экөөнүн абалы оор. Бишкек ЖЭБдеги авария учуру видео көзөмөл камераларга түшүп калган.
Ал арада жергиликтүү маалымат каражаттары Бишкек ЖЭБдин өрттөн кийинки сүрөттөрү менен бөлүшүп жатышат.