Кылмышка шектүү Ысык-Көлдүн тургуну 7 жылдан бери жашынып жүргөн
Ысык-Көлдүн милиция кызматкерлери сот адилеттигинен дээрлик 7 жылдан бери жашырынып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун Совет айылынын 45 жаштагы тургуну Бишкек шаарынан кармалган. Кармалган жаран 2016-жылы Каракол шаардык соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясынын 246-беренесинин 3-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо) менен каралган кылмыш үчүн издөөгө жарыяланган болчу.
Изделип жаткан жаран Бишкек шаарындагы турак жайлардын биринде кармалган. Ал дээрлик 7 жыл бою сот акыйкаттыгынан жашырынып келген. Кармалган жаран Каракол ШИИБге камакка алынды.
Ошондой эле милиция кызматкерлери Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 39 жаштагы тургунун да кармаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен каралган кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ал кылмышты Каракол шаарында жасаган. Кармалган жаран 2022-жылдын апрель айында Каракол шаардык соту тарабынан издөөгө жарыяланган болчу.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="169254,169255"]