SerepTV Logo

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Бишкекте өспүрүмдү сабоого шектелип эки өспүрүм кармалды
Ленин РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүмгө карата денеге залал келтирүү фактысы аныкталды.
Такталгандай, 13-апрелде саат 00:30 чамасында Бишкек шаарынын Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар эч себепсиз 2008-жылы туулган өспүрүмдү сабап, денесине залал келтиришкен жана андан соң белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Ошондой эле, Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБге И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда аталган адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Бул факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 2009-жылы туулган жашы жете элек О.А. жана 2009-жылы туулган Э.И. аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Алар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ички иштер органдары эскертет: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айрым кылмыштар боюнча кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан баштап каралат. Мыйзамга каршы аракеттерди жасоо олуттуу кесепеттерге алып келет, анын ичинде жоопкерчиликке тартуу жана келечектеги жашоого терс таасирин тийгизе турган чектөөлөр болушу мүмкүн. Жашы жете электерди мыйзам талаптарын сактоого, ал эми ата-энелерди балдарынын тарбиясына жана жүрүм-турумуна тийиштүү көзөмөл жүргүзүүгө чакырабыз.