SerepTV Logo

Кара-Суудагы каналга түшүп кеткен аял изделип жатат

Кара-Суудагы каналга түшүп кеткен аял изделип жатат
28-апрель күнү Кара-Суу районунун тургуну, 1939-жылы туулган М.Ж. аттуу аял киши болжол менен Кара-Суу шаарындагы Савай каналына түшүп кеткен тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине Кара-Суу райондук №25 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 7 суучул-куткаруучу,Ички иштер министрлигинин 5 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 жаран, жалпы 32 адам тартылды.