SerepTV Logo

Германияда 70 уй уурдалып, полиция таң калууда

Германияда 70 уй уурдалып, полиция таң калууда

Германияда 70 уй уурдалып, полиция таң калууда. Мал Бранденбург жергесиндеги Ибигау-Варенбрюк шаарчасындагы жайыттан жоголгон. Полициянын божомолунда, белгисиз адамдар ири мүйүздүү малды жок дегенде бир жүк ташуучу унаа менен алып чыгып кетишкен — жерде дөңгөлөктүн издери калган. Бул тууралуу DW жазды.

«Мындай көлөмдөгү уурдоо сейрек кездешет», — дешти укук коргоо органдары. Келтирилген зыян болжол менен 50 миң евро деп бааланууда. Учурда полиция өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук фактысы боюнча тергөө жүргүзүүдө.