Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМге кайра суракка барганы кабарланды
Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМге кайра суракка барганы кабарланды
Мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев жана парламенттин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан ИИМге суракка келишти. Бул тууралуу Кактус редакциясына күч түзүмдөрүндөгү булактар билдиришти.
Алардын айтымында, кечээ, 29-апрелде Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулу саат 15:00дө ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына келишкен. Булактар билдиргендей, алар азыркыга чейин ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын имаратында болуп, көрсөтмө берип жатышат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, аларга айып тагылышы мүмкүн.