Abank
SerepTV Logo

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыкта жабыркаган дагы бир адам ооруканада көз жумду

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыкта жабыркаган дагы бир адам ооруканада көз жумду
Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыктан жабыркап, ооруканага жеткирилген жаран көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Түп райондук ооруканасынан тастыкташты. Маалыматка караганда, кечээ, 12-сентябрда 1986-жылы туулган О.Р. аттуу жаран көз жумган. 11-сентябрь күнү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 196-чакырымында Фольксваген Пассат, Хонда Аккорд жана Субару үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болгон.