SerepTV Logo

Ысык-Көлдө курал-жарактардын жашыруун жайы табылды (сүрөт)

Ысык-Көлдө курал-жарактардын жашыруун жайы табылды (сүрөт)
Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, 2028-Аскердик бөлүктүн сапёр-инженердик тобун жана милициянын кызматкерлерин тартуу менен 19-апрелде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды. Табылган курал-жарактар: - 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы; - 3 даана кол түтүн гранаталары; - 1 бирдик ВОГ- 17 снаряды; - 1 даана сигналдык патрон; - 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар; - 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык; - 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="176117,176118,176119"]