Abank
SerepTV Logo

Ысык-Көлдө жолдошу тарабынан келиндин сабалгандагы видеосу тарады. Келин арыз жазуудан баш тартты

Ысык-Көлдө жолдошу тарабынан келиндин сабалгандагы видеосу тарады. Келин арыз жазуудан баш тартты
Кечээ, 21-августта социалдык тармактарда Ысык-Көлдө күйөөсү аялын сабап салганы тууралуу видео тараган. Окуянын күбөсү келинди жолдошу балдарынын көзүнчө сабаганын, келин эс-учун жоготуп жерге жатып калганын айткан. Окуя Сары-Ой айылындагы "Радуга" эс алуу борборунда болгон. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, видео боюнча териштирүү башталган. Териштирүү учурунда келин арыз жазуудан баш тарткан. Окуя боюнча милицияга арыз түшкөн эмес.