Ысык-Көлдө чарчап калгыча сабалган 3 жашар бала. Сот өкүмү чыкты
Өткөн жылдын май айында Ысык-Көлдө 3 жашар бала ур-токмоктон каза болгон.
- 15-май күнү милицияга аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда Кызыл-Суу айылынын 38 жана 33 жаштагы тургундары ооруканага эс учун жоготуп жана денесинде көк-ала тактары бар 3 жашар эркек баланы алып келгендиги маалымдалган. Денесинен жаракат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай наристе эсине келбей каза болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Күбөлөрдү сурамжылоодо, баланы ооруканага алып келген 33 жаштагы аялга кудачасы 3 жашар баласын таштап, өзү Орусияга иштегени кеткенин айткан. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көк-ала тактар болсо, бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун айткан. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча бала жабык мээ жаракатын, башынан туюк жаракат алгандыгы белгилүү болгон. Аталган жыйынтык боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 138-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүүдөн улам этиятсыздыктан киши өлтүрүү) боюнча квалификациясы өзгөртүлгөн. Аталган факты боюнча шектүү катары 33 жаштагы аял райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, камакка алынган.