SerepTV Logo

Ысык-Көлдө агроаптеканын мурдагы кызматкери сейфтен ири суммадагы акчаны уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган

Ысык-Көлдө агроаптеканын мурдагы кызматкери сейфтен ири суммадагы акчаны уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган
Ысык-Көлдө агроаптеканын сейфиндеги ири суммадагы акчаны уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден маалымдашты. - 18-июль күнү Каракол ШИИБге агроаптеканын кеңсесинде орнотулган сейфтен 260 миң сом акча каражаты уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул билдирүү шаардык милициянын КБРне катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерди карап чыгып, кылмышкерлер аптеканын короосуна кошуна үйлөрдүн чатыры аркылуу түшүп, видеокөзөмөл камераларын өчүрүшкөнүн аныкташкан. Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында, мурда аталган кеңседе иштеп кеткен 37 жаштагы Б.А.  уурулукка шектелип «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан чек арадан өтүп бараткан учурда кармалган. Уурулук фактысы боюнча 205-берене (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда окуянын чоо-жайын тактоо иштери улантылууда. Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.