Abank
SerepTV Logo

Ысык-Көлдө 45 жаштагы киши эсине келбей, ооруканада көз жумду. Шектүү кармалды

Ысык-Көлдө 45 жаштагы киши эсине келбей, ооруканада көз жумду. Шектүү кармалды
Ысык-Көлдө 45 жаштагы киши ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. 10-сентябрь күнү милицияга ооруканадан билдирүү түшүп, анда ошол эле күнү саат 04:25 чамасында Даркан айылынын 45 жаштагы тургуну денесинен оор жаракат алып, эс-учун жоготкон абалда түшкөнү маалымдалган. Териштирүү учурунда Даркан айылынын 31 жаштагы тургуну жана жабырлануучу спирт ичимдигин ичишип, түнкү саат 02:00 чамасында өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин аныкташкан. Мушташтан улам алган жаракатынан эс-учун жоготуп, көчөдө жатып калган. Аны көрүп калган айылдаштары Тез жардам чакырышып, райондук ооруканага жеткиришкен. Эртеси жабырлануучу эсине келбей каза болуп калган. Аталган факты Жети-Өгүз РИИБге катталып, 130-берененин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде   кылмыш иши козголгон. 11-сентябрь күнү кылмышка шектүүгө айыбы угузулуп, 2 айга камакка алынды. Тергөө уланууда.