Ысык-Көлдө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды (фото)
Бүгүн, 6-август күнү Ысык-Көлдө толкун учурунда сүзүп жүрүп дайынсыз болгон спортчу табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
"Саат 16:30 чамасында 1974-жылы туулган Е.И.В аттуу жаран Тору-Айгыр айылынан көлдүн жээгине аман-эсен өзү сүзүп чыккан", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Ысык-Көлдө толкун учурунда сүзүп бара жаткан спортчу сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымдалган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="130443,130444,130445,130446"]