Royal
SerepTV Logo

Ысык-Атада токмоктолгон келин ооруканада көз жумду. Күйөөсү камакка алынды

Ысык-Атада токмоктолгон келин ооруканада көз жумду. Күйөөсү камакка алынды
Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 11-сентябрь күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, залалдын оордугунан каза болгону жөнүндө маалымат түшкөн. Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталган, өлгөн жарандын күйөөсү 1982-жылы туулган жаран Красная Речка айылындагы үйдө арак ичип отуруп, уруш чыгарып, аялын сабап, өлүмгө алып келген залал келтирген. Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.