Abank
SerepTV Logo

Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты

Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты
19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жактоочусу Кантемир Турдалиев тастыктады. Маалыматка караганда, чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Ал 14-декабрга чейин үй камагында болот. Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.