Abank
SerepTV Logo

«Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаевдин кабинетинен 800 миллион сомдон ашуун акча каражаты табылган (сүрөт)

«Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаевдин кабинетинен 800 миллион сомдон ашуун акча каражаты табылган (сүрөт)
«Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаевден ири суммадагы акча каражаттарынын табылгандыгы тууралуу УКМК маалымат берди. «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңгизаты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда: 1) 7 миллион 354 миң 475 доллар; 2) 209 миллион 164 миң 100 сом; 3) 100 миң 960 евро 4) 1 миллион 55 миң 900 рубль; 5) 155 дирхам. Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар. Маалыматтарга караганда, учурда «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон. Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ишкердигине УКМК тоскоолдук кылбай турганы белгиленген. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="132288,132289,132290,132291,132292"]