«Ыйлаба, жетим» деп кызын сабаган келин агасы менен атасынын өлүмүнөн кийин стрессте жүргөнүн айтты
Бүгүн, 30-январда социалдык тармактарда баланы сабап жаткан аялдын видеосу тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден маалымат беришип, кыздын апасы тарабынан сабалганын айтышты.
- 27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
- 2020-жылдын март айында Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну менен жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан, 2023-жылдын январь айынын баш чендеринде экөө өз ара келише албай ортолорундагы келишпестиктен алар чогуу жашабай калышкан. Ошол себептен аял 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.