Royal
SerepTV Logo

"Үч кемпир" тасмасынын режиссёру Касымалиева: "Биз баткендиктерди маскаралап, шылдыңдайлы деген эмеспиз"

"Үч кемпир" тасмасынын режиссёру Касымалиева: "Биз баткендиктерди маскаралап, шылдыңдайлы деген эмеспиз"
Мындан үч күн мурда YouTube'да "Үч кемпир" деген аталыштагы фильм жарык көрүп, чыккандын эртеси коомчулуктун талкуусуна түштү. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары тасмадагы баш каармандын образына сын айтып, макул эместигин билдиришсе, дагы бир тобу туура маселе чагылдырылган деп баа беришүүдө. Аталган тасманын сценаристи, режиссёру жана баш каармандын ролун ойногон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева менен маектештик. "Карамат абдан эсте каларлык образ болуп калды. Мен баары бир мен сүйгөн Карамат деп айтам. Чыгарма жазылганда Баткен жерин даңазалап, тың байбичени алып чыкканбыз. Бизден бир кемчилик кетиптир. Анын сырткы келбетин өтө жүдөө кылып коюптурсуңар деп ошого жабышып алышып, ошонун негизинде намыстанышты. "Кечирим сура" дегендер болду. Түнкү 3:30га чейин телефонум тынган жок. Менден кеткен катачылыкка жооп берүүгө даярмын. Биздин ойдо маскаралоо, шылдыңдоо болгон эмес",- деди ал. https://youtu.be/B1G4Z6HrRF0