"Уулум кичинесинен атасыз өстү" дейт депутат катышты делген мушташта жабыркаган жарандын апасы
12-мартта Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Интернет колдонуучулар мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанып, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда. SUPERTV’га күбө окуя тууралуу, жабырлануучунун апасы уулунун абалы тууралуу айтып берди.
"Депутат эле деп ишти жаап койбой, карасын, суралсын. Депутат болсо эле жөнөкөй адамды сабай бериши керекпи? Жалгыз балам өлүп калса, эмне болмок? Кичинесинен атасыз өскөн бала. Биз аларга окшоп, бай эмеспиз", - деди апасы.
https://youtu.be/Jpj1CfZyw0w