Abank
SerepTV Logo

Бишкекте унаанын айнегин чагып, андан сумка алып кеткен жаран видеого түшүп калган

Бишкекте унаанын айнегин чагып, андан сумка алып кеткен жаран видеого түшүп калган
Бишкекте унаада уурулук кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 17-февралда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, 9-февралда анын унаасынын каптал терезесин чагып, ичиндеги 50 миң сому менен телефонун алып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 1987 жана 1988-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле милиция шектүүлөрдөн жабыркагандарды издеп жатат. 0(702) 169-999 номурларына кайрылсаңар болот.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек ?? (@guvd_bishkek)