Royal
SerepTV Logo

"Унаада 4 киши болгон". Кадамжайда өзбек жаранынын унаасы жарылып кетти

"Унаада 4 киши болгон". Кадамжайда өзбек жаранынын унаасы жарылып кетти
Кадамжай районунда Өзбекстандын жаранынын унаасы жарылып кеткен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Кечээ, 6-декабрь күнү саат 10:00 чамасында Өзбекстандын жараны Дэу-Лассети үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох автожолунун 16-чакырымында, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен. Жарылган унаада жалпысынан Өзбекстандын 4 жараны болгон, жабыркагандар болгон эмес. Бул факты Кадамжай районунун РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.