Abank
SerepTV Logo

УКМК: "Күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келүү каналы аныкталды"

УКМК: "Күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келүү каналы аныкталды"
Күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып келүү каналы аныкталып жана ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз канал уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Жүргүзүлгөн иш-чарада узак убакыт бою Казакстандан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүүнү уюштуруп, эсепке алынбаган продукцияларды жасалма документтер менен салык органынын кызмат адамынын катышуусу менен легалдаштырып, андан ары негизинен республиканын түштүк аймактарына сатууну уюштурушкан адамдар аныкталган. Ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз каналдын уюштуруучулары, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.