"Учитель" чокусунан түшүп келе жатып, тоодон кулаган альпинист изделип жатат
Кечээ, 14-август күнү Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында "Учитель" чокусунан түшүп келе жатып эркек киши тоодон кулап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиршти.
Жерине 6 куткаруучу тартылып, саат 20:30да Ала-Арча паркына жетишкен. Куткаруучулар "Хижина Рацека" альпинисттердин лагеринде жеткенде кеч киргендигине байланыштуу куткаруу иштери бүгүн, 15-августта жүргүзүлөт.