"Учитель" чокусунан түшүп келе жатып кулап түшкөн туристтин жансыз денеси табылды
14-август күнү Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында "Учитель" чокусунан Орусиянын 2 жараны түшүп келе жатып, 1986-жылы туулган киши кулап, көз жумган.
Жерине 6 куткаруучу тартылып, жогору аталган жарандын сөөгүн тоодон алып түшүшүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми экинчи 1991-жылы туулган жаран жабыркаган эмес.