Royal
SerepTV Logo

Түптө 14 жаштагы кыз асынган абалда табылды

Түптө 14 жаштагы кыз асынган абалда табылды

Түп районунда 14 жаштагы мектеп окуучусу өз үйүнүн чарбагында асынган абалда табылган. Маркумду ата-энеси тапкан. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты. 

«Материалдар Түп районунун ички иштер башкармалыгында каттоого алынган. Жансыз денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери болгон эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө жүрүп жатат», - деп билдиришти.