Royal
SerepTV Logo

Түндө Ысык-Көлдө 2 жолу жер титиреди

Түндө Ысык-Көлдө 2 жолу жер титиреди
Бүгүн, 22-ноябрь күнү саат 03:26да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Тологой айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Ал эми саат 04:34тө 3 баллга жеткен жер титирөө катталды (афтершок). Жер титирөө Ак-Суу районунун Совет айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Тологой айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.