Түндө "Орто-Сай" базарында өрт чыгып, жашылча жана эт саткан жайлар өрттөндү
15-январь саат 02:38 чамасында Октябрь районундагы Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан "Орто-Сай" базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүктөрүнөн №28, №5, №4 жана №3 өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн күжүрмөн эсептери жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган. Өрт өчүрүүлөрдүн аракети менен 03:37де өрт чектөөгө алынып, толук саат 05:10до өчүрүлдү. Жалпы аянты 180 чарчы метр жашылча жемиш сатуучу жай жана эт сатуучу 6 даана желим материалдан курулган павильон, муздаткыч, отургучтар күйгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Өрттүн себеби учурда такталууда.
[gallery link="none" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="158196,158197,158198"]