Royal
SerepTV Logo

"Түндө колумду кайрып унаага салып..." Таласта 19 жаштагы кыз зордукталганын айтты

"Түндө колумду кайрып унаага салып..." Таласта 19 жаштагы кыз зордукталганын айтты

Таласта 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-август күнү Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын ​2003-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. ​Арызында "2022-жылдын 5-февралдын​ түнүндө үйүнөн ​жаран колу-бутумду кайрып унаага салып, белгисиз тарапка алып барып, унааны бекитип, мени зордуктады" деп билдирген.

Аталган арыз Бакай-Ата РИИБдин​ маалыматтардын электрондук журналына​ катталып, тергөөгө чейинки териштирүү​ иштери башталган. ​Текшерүү учурунда ​арызда көрсөтүлгөн жаран​ Кыргызстан айылынын ​1979-жылы туулган тургуну экендиги аныкталып, кармалды. Тергөө уланууда.