Royal
SerepTV Logo

Жомок каньонундагы аскага аккаунттарын жазууга шектелип 2 жигит кармалды

Жомок каньонундагы аскага аккаунттарын жазууга шектелип 2 жигит кармалды
26-декабрь күнү социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда жайгашкан Жомок каньонунда белгисиз жарандар өӊү кызыл түстөгү боёк менен асканын бетине сөздөрдү жазып кетишкени тууралуу маалымат тараган. Окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришти. Аталган маалымат Тоӊ РИИБге катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөгөн. Жерине барган учурда милиция кызматкерлери өӊү кызыл түстөгү боёк менен жазылган жазууларды аныктаган. Көрүлгөн териштирүү аракеттерден улам, милиция кызматкерлери тарабынан аталган жазууларды жазган жарандар аныкталган. Алар Түп районунун 22 жаштагы тургуну жана Ош облусунун 19 жаштагы тургуну болуп, күнөлөөрүн толугу менен моюнуна алышкан. Учурда аска бетиндеги жазуулар толугу менен өчүрүлдү. Териштирүү иштери уланууда.