Токмокто курал-жарак сакталган жай табылды
Токмок шаарынын аймагынан курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын инженердик-сапердук тобу менен 2-мартта Чүй облусунун Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан аянттын түндүк-чыгыш тарабында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Ал жайда желим баштыктан кесилген сайлуу мылтык (типтүү эмес ок атуучу курал) - 1 даана, револьвер тапанчасы - 1 даана, Макаров травматикалык тапанчасы (ПМ) - 1 даана, ПМдин магазини - 1 даана табылган, ПМдин травматикалык патрондору - 7 даана (9мм), аңчылык патрондору - 10 даана (16 калибр) жана 5,45 калибрдеги - 88 даана патрондор табылган.
Учурда куралдын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="167089,167090,167091,167092"]