Royal
SerepTV Logo

Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсык. 35 жаштагы жаран каза болуп, бешөө жаракат алды

Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсык. 35 жаштагы жаран каза болуп, бешөө жаракат алды
Бүгүн, 18-январда Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталганы маалым болгон. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришти. Бүгүн саат 12:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 71,500-чакырымында ВАЗ-2107 унаасы Токмок шаарынын Парковый көчөсү менен бара жатып айланма жолго чыга калган учурда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасына урунган. Андан соң каршы тилкеде келе жаткан Мерседес-Бенц Спринтер үлгүнсүндөгү унаасына урунган. Жол кырсыктын кесепетинен 1987-жылы туулган жаран ошол жерден көз жумду. Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрү алдын ала маалымат боюнча 5 адам жаракат алды.