Токмокто 25 жаштагы жигит жанын кыйды. Милиция анын бир күн мурун сурак бергенин билдирди
Токмокто 25 жаштагы жигит өз жанын кыйды. Ал жашы жете элек кызга ыплас аракет кылуу боюнча күбө катары сурак берген. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, 7-октябрь күнү Токмок ШИИБге арыз менен Токмок шаарынын тургуну кайрылып, ошол эле күнү өспүрүм кызына карата белгисиз жаран тарабынан ыплас аракеттер болгонун билдирип, чара көрүүнү суранган.
Аталган окуя боюнча факты Токмок ШИИБге катталып, тийиштүү текшерүү иштери башталган. Окуя боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошондой эле, 10-октябрь күнү Токмок ШИИБге Токмок шаарынын тургуну 1997-жылы туулган жарандын өзүнүн үйүндө асынып, жанын кыйды деген малымат түшүп, окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу маалыматты тастыктаган.
Өз өмүрүн кыйган жаран 9-октябрь күнү Токмок ШИИБдин тергөө кызматына алынып келип күбө катары сурак жүргүзүлүп, тергөө амалдары аяктагандан кийин үйүнө жиберилген. Ал жарандын ыплас аракеттер боюнча кылмышка катыштыгы бар же жок экендиги боюнча текшерүү улантылууда. "Учурда 1997-жылы туулган жарандын өз өмүрүн кыюу фактысы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат, милиция кызматынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, тыкыр изилденип жыйынтыгы менен коомчулукта туулган баардык суроолорго жооп берилет",- деп айтылат маалыматта.