Royal
SerepTV Logo

Токмокко жакын аймакта учак кулады. Жабырлануучулар бар

Токмокко жакын аймакта учак кулады. Жабырлануучулар бар
Токмоктогу жеке менчик аэродромдо учак кулады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты. Маалыматтарга караганда, окуя бүгүн, 20-октябрда катталган. “Бристоль” эки орундуу учагы кулаган. Анда авиаучилищанын курсанттары болгон. Алар ооруканага жеткирилген. Ооруканага 2000 жана 1995-жылы туулган жарандар түшкөн.