Royal
SerepTV Logo

Теңгиз Бөлтүрүктүн соту 3-октябрга жылдырылды

Теңгиз Бөлтүрүктүн соту 3-октябрга жылдырылды
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн иши боюнча соттук отурум 3-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, соттук отурум 3-октябрда саат 16:00гө белгиленген. Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган. Ал 15-сентябрда Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.