Abank
SerepTV Logo

"Тараптар элдешкен". Ноокатта 7 жаштагы баланы сабаган жаран үй камагына чыкты

"Тараптар элдешкен". Ноокатта 7 жаштагы баланы сабаган жаран үй камагына чыкты
27-январь күнү социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында баланы белгисиз эркек киши уруп жаткандагы видео жарыяланган. Кийинчерээк жаран кармалганы маалым болгон.
  • 26-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын 7 жаштагы тургуну Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан “Элдос” кафесинин ичинде Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну 30 жаштагы жаран уруп, денесине жараат келтирген. Балага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган эле.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бүгүн, 31-январда Ош облустук соту менен байланышканыбызда, анын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыкканы маалым болду. "30-январдагы Ноокат райондук сотунун токтомунун негизинде шектелүүчү үй камагына чыгарылган. Шектелүүчү жабырлануучу тарап менен элдешкен", - деп айтылат маалыматта.