Royal
SerepTV Logo

Таластан Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

Таластан Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өткөрүүгө шектүүлөр кармалды
Милиция тарабынан​ Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өткөрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. 2022-жылдын 6-декабрына караган түнү Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын 2 тургунуна тиешелүү болгон 12 баш жылкы Ак-Жар айылынын түндүк батыш тарабындагы үлүш жерлерден уурдалып, Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасын бөлүп туруучу чек ара зымынын № 284 чек ара белгисинен Казакстан Республикасы тарапка өтүп кетендигин билдирген. Аталган факты 1-январь күнү каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. 21-февраль күнү милиция аталган кылмышка шектүүлөрдү колго түшүргөн. Кылмышка шектелип, Кара-Буура районунун Кара-Сай айылынын ​1976-жылы туулган тургуну жана ​Куру-Маймак​ айылынын ​1983-жылы туулган тургуну кармалган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="165833,165834"]