SerepTV Logo

Таластагы мал базарда эркек кишини мамыга байлап койгон окуя. Милиция анын шеригин кармады

Таластагы мал базарда эркек кишини мамыга байлап койгон окуя. Милиция анын шеригин кармады
30-апрель күнү эртең менен ​Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видеолор интернетке жайылган.​ Анда тургундар 25-30 жаштагы белгисиз бир адамды акча уурдады ​деп шектеп кармап​ алышканы көрсөтүлгөн. Бүгүн, 2-майда Талас ОИИБ экинчи шектүү кармалганын билдиришти. "Бул кылмышка шектүү катары анын шериги 1981-жылы туулган жаран аныкталып кармалды", - дешти. ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​
  • Бишкек шаарынын тургуну​ өзүн ​1993-жылы туулган Ш. уулу​ Э. деп тааныштырган жаранды ​мал базарда жүргөн жарандар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деп, мал базардын электр жарык берүүчү темир карагайга колунан​ жана белинен​ жип менен байлап коюшкандыгы аныкталган.
  • Текшерүүдө​ Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну мал базардан ​60 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан ​уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын ​тургуну да мал базардан ​кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан​ уурдатып алганын билдирген. Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алып келинген. Ал​ Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын ​1989-жылы туулган тургуну ​экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 200 сом акча каражаты алынган.