Таласта сууга түшүп кеткен 8 жаштагы баланын жансыз денеси чыгарылды
Талас суусуна 2014-жылы туулган бала түшүп кеткен. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден тастыкташты.
"Жерине Талас шаардык №17 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен",- дешти.