Royal
SerepTV Logo

Таласта жаш келиндин өлтүрүлүшү. Анын жолдошу 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

Таласта жаш келиндин өлтүрүлүшү. Анын жолдошу 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды
Талас шаардык соту 26-декабрда жубайын өлтүрүүгө шектелген жаранга өкүм чыгарды. Ал соттун чечими менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас облустук сотунан тастыкташты. "Кылмышка шектүү Жазык кодексинин 112-беренеси (адам өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт",- дешти облустук соттон.
  • 2021-жылдын 29-декабрь күнү саат 10:40 чамасында Тез жардам кызматынан билдирүү түшкөн. Анда 1992-жылы туулган келин өз үйүндө каза болгондугу маалым болгон. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн. Текшерүү учурунда каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган. Аталган факты Талас ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары анын күйөөсү — 1988-жылы туулган жаран кармалган.