Abank
SerepTV Logo

Таласта 14 жаштагы кыз зордукталган. 22 жаштагы шектүү кармалды

Таласта 14 жаштагы кыз зордукталган. 22 жаштагы шектүү кармалды
Таласта 14 жаштагы кыз зордукталган. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 16-март күнү Талас районуна караштуу Арал айылынын​ 1958-жылы туулган тургуну​ арыз менен кайрылган. Анда 27-январь күнү саат 14:00 чамасында Талас районунун Арал айылынын тургуну 2009-жылы туулган небересин ак түстөгү унаасында ​күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Аталган факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алдын ала текшерүү учурунда шектүүнүн аты-жөнү такталып, ​Арал айылынын ​2001-жылы туулган ​тургуну экени​ аныкталып, ал кармалды.