Royal
SerepTV Logo

Сүлүктүдө жарандын үйүнөн кургатылган марихуана табылды

Сүлүктүдө жарандын үйүнөн кургатылган марихуана табылды
Сүлүктү шаарынын жашоочусу өзүнүн үйүндө баңгизат өстүрүп, сактап жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Жаран тууралуу маалымат милицияга түшүп, 23-январь күнү Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө амалдары башталып, караштуулугу боюнча Сүлүктү ШИИБге жөнөтүлгөн. Шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал 1970-жылы туулган Сүлүктү шаарынын жашоочусу болуп чыккан. Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжасында мончосунун жанында жайгашкан турак-жайга керектелүүчү жайынын полкаларынын алдынан үч желим идиште жана ак целлофан баштыкта, чачылган отундар арасынан 1 желим идиште, үйүнүн бөлмөсүнөн 1 литрлик, 3 литрлик банкаларда салынган өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү кургатылган зат далил катары табылган. 24-январдагы соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн заттын таза салмагы 216,85 грамм болгон “кургатылган марихуана” баңги заты экендиги аныкталган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="161229,161230"]