Royal
SerepTV Logo

Сузактагы мал базарда сабалган 3 бир тууган. Издөө жарыяланган 6 шектүүнүн төртөө кармалды

Сузактагы мал базарда сабалган 3 бир тууган. Издөө жарыяланган 6 шектүүнүн төртөө кармалды
14-февралда Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, Сузактын мал базарында болгон бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланганын билдиришкен.
  • Милицияга Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн, сырттан тааныш болгон жарандар сабашып, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген. Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган. Кылмыш иши боюнча 4-февралда Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген.
Бүгүн, 27-февралда облустук милиция маалымат таратып, издөөдө жүргөн 1995, 1984, 1989 жана 1990-жылы туулган шектүүлөр кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="166218,166219,166220,166221"]